Бүгүн, 15-сентябрда борбор калаада Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзгөн бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Аталган бөлүктө төмөнкү иштер аткарылды:
– эки катмар асфальт төшөлдү;
– жаңы жол белгилери орнотулду;
– жол чиймелери түшүрүлдү;
– жол четиндеги бордюрлар жаңыланды.
"Бул иштер шаардагы транспорт кыймылын жеңилдетүүгө жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Оңдолуп жаткан айрым көчөлөрдүн кесилиштеринде унаа тыгындарын азайтуу максатында кошумча тилкелер кошулган", - деп белгиленди маалыматта.