
Бишкек шаарында мэриянын жана милициянын кызматкерлери биргеликте “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын алкагында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Анын алкагында кафе-ресторандар, банкеттик залдар, эс алуучу жайлар, парктар текшерилди. Шаардык администрациялар жана саламаттык сактоо мекемелери менен биргеликте мекеме жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда бир нече клуб жана кафелерде тамеки чегүү фактылары аныкталып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 82, 84-беренелерине ылайык 110 миң сомго жакын айып пул салынды.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы коомдук жайларда жана көчөлөрдө түнкү тынчтыкты көзөмөлдөө иштерин улантууда.