Биз социалдык тармакта

Кочкордо бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Нарындын Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл өкмөтүндө жергиликтүү бюджетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.

Маалымдалгандай, былтыр айыл өкмөттүн кызмат адамдары сатып алуулар планында каралбаган товарлар боюнча "Л.Г." ЖЧКсы менен келишим түзүп, кызмат көрсөтүү иш жүзүндө аткарылбагандыгына карабастан аталган коомдун эсебине каражаттын 50 пайызын аванс катары которуп жиберишкен. Натыйжада жергиликтүү бюджетке аталган суммадагы зыян келтирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан