
ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында соңку суткада 18 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 күжүрмөн эсеп тартылды.
Бишкек шаарында 3, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт коопсуздугун камсыздоого чакырат.