Хорватияда (Загреб шаары) өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунун төртүнчү күнү кыз-келиндер күрөшү менен уланат.
Бүгүн кыз-келиндер 50, 57, 65 жана 76 килограмм салмактарда күч сынашат. Кыргызстандын атынан 76 килограмм салмак ченинде Айпери Медет кызы килемге чыгат.
Айпери Медет кызы беттешти 1/8 финалдан баштап, түркиялык Элмира Ясин менен таймашат.
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.