Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун Эл аралык туристтик форуму башталды

Кечээ, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Эл аралык туристтик форуму башталды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны аталган министрлик, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү жана шаар мэриясы уюштурду.
Форумдун негизги максаты – туруктуу туризмди өнүктүрүү, түрк өлкөлөрүнүн туристтик потенциалын илгерилетүү жана тажрыйба алмашуу.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгриядан 150дөн ашуун өкүлдөр катышууда.
Катышуучуларга ТМУ башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов жана башка жетекчилер кайрылышты.
"Туризм – түрк дүйнөсүн бириктирген достуктун көпүрөсү",- деп белгиледи Медер Туманов өз сөзүндө.
Форумдун жүрүшүндө Жалал-Абад шаарына "2025-жыл – түрк дүйнөсүнүн туристтик борбору" наамы ыйгарылды. Бул чечим шаар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык имиджди чыңдоого өбөлгө болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан