Биз социалдык тармакта

ӨКМ жаан-чачынга байланыштуу билдирүү таратты

Өлкө аймактарында 17-19-сентябрь күндөрү локалдык нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүүдө.

ӨКМ буга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы мүмкүн экенин эскертти.

"Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта, дарыя жээктеринде эс алууну башка күнгө пландаңыз. Арык-каналдарды тазалап, жамгырдан топтолгон кыян сууларынын агып өтүүсүнө жол ачыңыз",- дешти мекемеден.

Өзгөчө кырдаалга күбө болгондо же кырсык учурунда “112” кызматына байланышса болот. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан