Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө 6 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактардын менчигине өтүп кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2004-2008-жылдар аралыгында менчиктештирилип кеткен. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 12,7 миллион сомду түзгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды.