Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттери текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Чүй облусунун Кожомкул айылында жайгашкан май куюучу жайдын жанында кошумча мыйзамсыз курулуп жаткан газ куюучу курулуш объекти аныкталды. Анын тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок башталгандыгы белгилүү болгон.
Буга чейин аталган объект боюнча эки жолу жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам бузууларды жоюуга 30 күн убакыт коюлган. Бирок талап толугу менен аткарылган эмес.
Натыйжада, башкармалык мыйзамсыз курулушту бузуу сунушун киргизген. Анын негизинде курулуш объектин "Альфа Ойл" ЖЧКсы өз ыктыяры менен бузуп, аймак долбоорго ылайык баштапкы абалына келтирилди.
Курулуш министрлиги курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.