Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп Салават Садыракунов дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Ага ылайык, буга чейин бул кызматты аркалап келген Бекмурза Омуралиев өз каалоосу менен арыз жазып, ыйгарым укуктары токтотулду.
Салават Садыракунов буга чейин Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалын жетектеп, ага чейин "Электр станциялары" ААКсынын башкы директору болуп иштеген.