Биз социалдык тармакта

Жалал-Абаддын Масадан айылында алгачкы бала бакча ачылды

Бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Масадан айылында жайгашкан №34 “Тунук” бала бакчасы расмий түрдө ишке берилди. Бул тууралуу шаардык муниципалитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы бала бакча буга чейин №33 Фуркат мектебине таандык болгон эски имараттын базасында ачылды. Объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен 13,3 миллион сом сарпталган. Имарат 100 орундуу заманбап бала бакчага ылайыкташтырылып, балдар үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Белгилей кетсек, Масадан айылында буга чейин мамлекеттик бала бакча болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан