150 миң сом пара талап кылган Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, милициянын улук лейтенанты К.Б. Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү үчүн, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалган адамдын жакынынан опузалап акча талап кылган.
14-сентябрда 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда К.Б.кармалып, тергөө абагына камалды.