
Бишкек шаарында 20-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт. Мэрия шаар тургундары менен мекеме-уюмдарды менчигинин түрүнө карабастан катышууга чакырып, шаардын көрктөндүрүлүшүнө салым кошууга үндөдү.
"Шаарды көрктөндүрүү үчүн бекитилген аймактарды тазалап, иретке келтириңиздер. Келиңиздер, шаарыбызды таза жана кооз кылабыз",- деп билдиришти муниципалитеттен.