Биз социалдык тармакта

Бишкекте алтын куймаларын алып берүүнү убадалаган шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 24-апрелде милицияга арыз түшкөн. Арыз ээси А.Т. аттуу шектүү 2023-жылы жабырлануучудан 200 грамм алтын куймасын алып берүүнү убада кылып, 32 миң долларын алган. Бирок өз милдеттенмелерин аткарган эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Натыйжада 1977-жылы туулган шектүү А.Т. кармалып, №1 тергөө абагына 2 айга камакка алуу баш коргоо чарасы каралган. Тергөө иштери улантылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан