Биз социалдык тармакта

Кара-Суу шаарындагы "Манас" стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт 

Эртең, 18-сентябрда Кара-Суу шаарында жаңы борбордук “Манас” стадионунун ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жаңы стадион 1960-жылы курулган эски "Манас" стадионунун ордуна салынып, азыр эл аралык талаптарга жооп берет. Стадион 5000 көрүүчүгө ылайыкталган.
"Жаңы спорттук арена футболду өнүктүрүүгө гана эмес, жаштар арасында спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга чоң салым кошот",- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эртең стадиондо 2025-жылкы Кыргызстандын Кубогунун финалы өтөт. Беттештер саат 19:30да башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан