Бишкекте каракчылыкка шектелип 23 жаштагы 2 жана 22 жаштагы 1 жигит кармалды. Бул тууралуу кечээ, 16-сентябрда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 3-августта Жунусалиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Шектүүлөр 28 жаштагы үй ээсинин колу-бутун байлап, күч колдонуп, уюлдук телефонун жана 120 миң сомун алып кетишкен.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөр Ысык-Көл облусунун Чоң-Өрүктү айылынан колго түшүшүп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынышты. Учурда тергөө иштери уланууда.