Япония АКШ менен болгон жакшы мамилеси үчүн Палестина мамлекетин азырынча тааныбайт. Бул тууралуу Asahi басылмасы өкмөттүк булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба 22-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Палестина маселесине арналган жыйынынын жүрүшүндө аталган мамлекеттин таанылбашын каалай турганын билдирет.
Буга чейин бир нече өлкөнүн өкмөттөрү, анын ичинде Улуу Британия, Франция, Канада жана Австралия ушул айда БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина мамлекетин тааный турганын билдиришкен.
Израилдин эң жакын өнөктөшү болгон АКШ Палестина мамлекетин таануу идеясын четке каккан.