Биз социалдык тармакта

Кара-Суу районундагы жаңы мектеп жакынкы күндөрү ишке берилет (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кайрагач айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, объект Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Курулуштун жалпы наркы 105 миллион сомду түздү.
Жаңы билим уясы төрт блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы. Жалпы аянты 2262 чарчы метрди түзүп, заманбап стандарттарга ылайык курулду.
Эске салсак, мектептин эски имараты 1960-жылы ашар жолу менен курулуп, болгону 90 окуучуга ылайыкталган болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан