Биз социалдык тармакта

Трамп "New York Times" гезитине 15 миллиард долларлык доо арыз берерин жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамп "New York Times" гезитине 15 миллиард долларлык доо арыз менен кайрыларын жарыялады. Ал бул тууралуу Truth Social социалдык медиасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, ал доону жалган жана каралоочу маалыматтар үчүн ачат. Трамп гезиттин 2024-жылкы шайлоодо Камала Харриске колдоо көрсөтүшүн сынга алып, аны "Радикал Солчул Демократиялык Партиянын сөзү" деп атады. Доонун Флорида штатында ачылганы белгиленди.

Трамп буга чейин да New York Times’ка каршы 100 миллион долларлык доо берген, бирок натыйжа чыккан эмес. Ошондой эле CNN’ге каршы 475 миллион долларлык доосу да жыйынтыксыз калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан