Биз социалдык тармакта

Ошто курулуп жаткан цех текшерилип, айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ош аймактык башкармалыгы тарабынан курулуш объекттери текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Социализм айылындагы сүттү кайра иштетүүчү цехтин курулушу текшерилди.
Текшерүүдө, цехтин курулушунун техникалык регламенти, курулуш ченемдери, эрежелери жана алар менен байланышкан бир катар ченемдик укуктук актылардын бузулгандыгы аныкталды. Мындан улам акт түзүлүп курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Ала-Тоо Амир" ЖЧКсына 200 000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды.
Бүгүнкү күндө компания тарабынан курулуштагы кемчиликтерди жоюу иштери жүрүп жатат. Курулуш министрлиги курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан