Биз социалдык тармакта

Эртең Кара-Суу шаарында айрым көчөлөргө убактылуу чектөө коюлат

Эртең, 18-сентябрь күнү Кара-Суу шаарында Манас стадионунун ачылышына байланыштуу коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Бул тууралуу Ош ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаарындагы Ленин, Сыдыков жана Мамашов көчөлөрүндөгү жол кыймылына убактылуу чектөө коюлат.
Ош ОИИББ элден Манас стадионунун ачылышына арналган иш-чара учурунда коопсуздук үчүн киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Ошондой эле тыгындардын алдын алуу үчүн жол багытын алдын ала мерчемдеп алуу жана жол кыймылынын эрежелерин сактоо сунушталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан