Бүгүн, 17-сентябрда легендарлуу парламенттин депутаты “Манас-100” медалынын ээси Камбар Узаков "Ош облусунун ардактуу атуулу" наамы менен сыйланды. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, Узаковго бул сыйлык Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн берилди.
Наамды президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тапшырып, ийгиликтерди каалады.