Улуттук укукка урмат көрсөтүү үчүн укукчулар ассоциациясынын (JURDI) башкы катчысы Бенжамин Фиорини Европа Биримдигин (ЕБ) Израилдин Газадагы аракеттерин "геноцид" катары баалап, аны токтотууга чара көрбөй жатат деп айыптады. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Анын айтымында, ЕБ Израилге санкция салган жок, курал жеткирүүнү токтоткон жок жана дипломатиялык конференция өткөргөн жок. Ошондуктан уюм Европа Биримдигин Европа сотуна берген, бирок арыз четке кагылган.
Фиорини бул чечимге даттанаарын билдирип, Францияны да Эл аралык кылмыш сотунун ордерине карабастан Нетаньяхунун учагына аба мейкиндигин ачкан үчүн сынга алды.