Бүгүн, 17-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Жолугушууда уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча жана ушул жылдын 18-сентябрына пландаштырылган ТМУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду.
Өмүралиев өкмөт башчыга Кыргызстандын уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.