Биз социалдык тармакта

Бишкектеги көп кабаттуу турак үйдүн 15 жылдан берки маселеси чечилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасы менен көйгөйлүү объекттер иликтенип, системдүү иштерден кийин документтери тапшырылууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 16-сентябрда мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директорунун орун басары Руслан Суракматов Бишкек шаарынын Огонбаев көчөсү, 222 дарегиндеги көп кабаттуу турак үйдүн документтерин тапшырды.
Аталган объекттин башкы подрядчысы "Би-Старт" ЖЧКсы болгон. Компания тарабынан көп кабаттуу объекттин тиешелүү документтери таризделбей, расмий пайдаланууга берилген эмес. Мындан улам жашоочулар 15 жылдан бери мүлктү өз атына каттай алышпай документ иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген.
Ошондой эле көп жылдан бери турак үйдүн жашоочулары коммуналдык кызматтарды өнөр жай тарифинде төлөп келген. Министрдин тапшырмасы менен мурдагы жатакананын багыты турак үйгө алмаштырылып, 97 батирлүү турак үйдүн пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысы тапшырылды.
Бишкектеги көп кабаттуу турак үйдүн 15 жылдан берки маселеси чечилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан