Кытайдын Чанчун шаарындагы авиашоуго репетиция учурунда эки учуучу унаа кагылышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Bloomberg агенттиги билдирди.
Xpeng Inc. компаниясы чыгарган эки учуучу унаа өтө жакын учушкандыктан кырсыкка кабылган. Алардын бири конордо күйүп кетсе, экинчиси жерге конууга үлгүргөн.
Учурда окуянын себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.