Бүгүн, 17-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев Таластагы Киров суу чактагычынын атын Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүүнү сунуштады.
Ал ошондой эле жазуучунун 100 жылдыгында ал жакка эстелигин да орнотууну керектигин айтты. Эл өкүлү президенттин жана өкмөттүн парламенттеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, сунушту өкмөткө жеткирүүнү суранды.