Биз социалдык тармакта

Депутат АКШга окууга өткөн студенттердин маселесин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов Америка Кошмо Штаттарындагы жогорку окуу жайларына өткөн кыргызстандык жарандардын көйгөйүн парламенттин 17-сентябрдагы жыйынында көтөрдү.

Эл өкүлү аталган өлкөнүн ЖОЖдоруна өткөн студенттерде виза алууда кыйынчылык жаралганын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө айрым студенттер АКШга окууга өтүшүп, бирок виза маселеси татаалдашып, баруу кыйын болуп жатат. Бул маселе боюнча тиешелүү министрликтерге тапшырма берип, тезирээк колго алса. Америкада окуу - ар бир эле студенттин кыялы болсо керек",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан