Берлин өз позициясын өзгөртүп, Украинага тоңдурулган орус активдеринен түшкөн кирешени берүүнү колдой турганын билдирди. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Европа Биримдиги жана G7 өлкөлөрү орус валюталык резервдеринин жарымынан көбүн, болжол менен 300 миллиард еврону, тоңдуруп коюшкан.
Москва бул чечимди уурдап алуу катары баалап, жооп чара катары чет элдик инвесторлордун активдерин атайын эсептерде сактоону киргизген.