Казакстандын Алматы шаарында катуу жааган нөшөрлүү жаан көчөлөрдүн биринин кыйрашына себеп болуп, бир нече унаалар чоң чуңкурларга түшүп кетти.
Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Видеонун автору жалпы 20 чакты унаа жаралган тешиктерге түшүп кеткенин билдирди.
Ал эми шаар акиминин кеңешчиси Ильзат Акчуриндин маалыматы боюнча, асфальттын урап түшүшүнөн 13 автоунаа жабыркаган. Учурда Аманжол көчөсү убактылуу жабылып, унааларды эвакуациялоо иштери жүрүүдө.
"Подрядчы уюм зыян тарткан унаа ээлерине чыгымдарын толугу менен төлөп берет. Бул маселе Алматы шаарынын акимчилигинин көзөмөлүндө турат", - деди Акчурин.