Чет өлкөдөн 327 кыргызстандыктын сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Чет өлкөгө жарандарды жумушка орноштуруу борборунун директору Бакыт Кудайбердиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, алардын 225и Орусиядан, ону АКШдан алып келинген.
"Чет жерде каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүү иштерин борбор өз көзөмөлүнө алат. 2021-жылдан бери маркумдун туугандарынын кайрылуусу менен сөөгүн мекенге жеткирүү толугу менен мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт", - деп кошумчалады ал.
Сөөктү алып келүүнүн чыгымдары:
АКШдан – 13 миң доллар
Казакстандан – 300 доллар
Түркиядан – 1200 доллар
Орусиядан – 70 миңден 120 миң рублга чейин