Ош шаарында 5 гектар жерге салынып жаткан базардын курулуш иштери улантылып жатат. Мэр Жеңишбек Токторбаев тарабынан кыска убакытта соодагерлерди жайгаштыруу тапшырмасы коюлганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бул базар даяр болгон соң шаардын ортосундагы "Келечек", "Бостон" жана мөмө-жемиштер базарындагы соодагерлер көчүп келишет. Жалпы 1300дөн ашык орун түзүлөт.
Ошондой эле алтын зер буюмдар сатуучу, акча алмаштыруучу жайлар каралган. Эки ажаткана, эки ашкана, унаа токтотуучу жайы менен болот.