Биз социалдык тармакта

Ташиевдин катышуусунда искусство университетинин спорт залы пайдаланууга берилди

Бүгүн, 17-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы спорт залынын салтанаттуу ачылышына катышты.

Атайын кызматтын маалымат кызматы 16-январда Жогорку окуу жайлардын жетекчилери Ташиев менен жолугушуусунда аталган окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов университетке спорт зал курууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

"1967-жылы түзүлгөндөн бери университеттин спорт залы болгон эмес, мындан улам дене тарбия сабактары тийиштүү шарттары жок өткөрүлүп келген. 2025-жылдын апрель айында курулуш иштери башталып, студенттер менен толук кандуу сабактарды өткөрүү үчүн жана профессордук-окутуучулук курамдын пайдалануусу үчүн зарыл талаптарга жооп берген жана ар тараптуу жабдылган заманбап спорттук залы 3,5 айдын ичинде курулуп, пайдаланууга берилди", - деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан