Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан мусулмандарынын курултайын ынтымакта өткөрүүгө чакырды

Бишкектеги тарых музейинде Кыргызстан мусулмандарынын 4-курултайы башталды. Курултайга учурдагы муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматтулла ажы Эгембердиев, анын орун басары Саясат ажы Асанов, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу жана муфтияттын бир катар өкүлдөрү, өлкө аймактарынан келген курултайдын делегаттары катышууда. Курултай куран окуу менен башталды. Ошондой эле мусулмандар дин башкармалыгына байланыштуу слайд-шоу көрсөтүлдү. Андан соң Рахматулла ажы Эгембердиев курултайды расмий ачып берип, 200 делегаттын 197си катышып жатканын белгиледи. Алгач сөз алган депутат Турсунбай Бакир уулу: "Коңшу өлкөлөргө караганда бизде дин маселеси жакшы. Жашоо бир жолу берилет. Биздин жашообуз акыретке даярдануу. Курултайга байланыштуу айрым атка минерлердин иш-аракетине таң калып жатам. Бийликтен суранат элем, мусулмандар сабырдуу болушат, бирок алар бир толкуса жаман",- деди. Депутат ошондой эле курултайдын катышуучуларын ынтымакка, биргелешип иш алпарууга чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан