Биз социалдык тармакта

Японияда полиция кызматын убара кылган жаран кармалды

Японияда полициянын ыкчам байланыш номерине бир айдын ичинде жүздөгөн жолу чалып, үн катпаган жаран кармалды. Бул тууралуу Japan Today жазды.

Маалым болгондой, 36 жаштагы жаран "110" ыкчам номерине 1600гө жакын жалган чалуу жасаган. Ал кызматтын ишине атайылап тоскоолдук кылууга шектелип кармалды.

Полициянын маалыматына караганда, ал 1-июлдан 28-июлга чейин Кацусика районунда жана анын айланасында өзүнүн уюлдук телефонунан чалып, оператор жооп бергенде үн катпай телефонду коюп койгон.

Полиция шектүү жалган чалууларды жасаганын моюнга алганын билдирди. Ошондой эле 2024-жылдын январынан бери окшош чалуулар маал-маалы менен катталып келгендиктен, полиция бул боюнча андан сурак алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан