Биз социалдык тармакта

АКШнын Green Card лотереясына катышуу үчүн эми акы төлөнөт 

Быйыл 16-октябрдан тарта DV Lottery (Green Card) программасына катышкандардын баарына 1 доллар өлчөмүндөгү жаңы каттоо төлөмү киргизилет. Бул тууралуу маалымат АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий сайтында жарыяланды.

Мекеменин түшүндүрүүсүндө, бул төлөм лотереяны башкаруу чыгымдарын адилеттүү бөлүштүрүү максатында киргизилип жатат. Буга чейин бул чыгымдар виза алууга талапкерлер гана төлөгөн 330 доллар төлөм аркылуу жабылып келген. Эми чыгымдардын бир бөлүгү бардык катталуучуларга жүктөлөт. Ошондой эле мекемеден билдиришкендей, 1 доллар өлчөмүндөгү төлөм кайра кайтарылбайт жана каттоо менен төлөм жүргүзүү АКШ өкмөтүнүн расмий сайты аркылуу гана жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, жыл сайын DV Lottery программасына 25 миллионго жакын адам катышат, бирок виза саны 55 миң менен чектелген. Жаңы система Мамлекеттик департаментке жылына кошумча 25 миллион доллар киреше алып келип, программаны иштетүүгө, тутумдарды жаңыртууга, коопсуздук текшерүүлөрүн жүргүзүүгө жана башкага жардам берет.

Ошондой эле Мамлекеттик департамент бул символикалык төлөм жасалма каттоолордун санын азайтып, лотереяны башкарууну жеңилдетерин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан