Биз социалдык тармакта

Чемпиондор Лигасы: "Бавария" клубу "Челсини" утту

Мюнхендин "Бавария" командасы лондондук "Челсини" 2025/26-жылкы Чемпиондор Лигасынын топтук баскычындагы биринчи турда жеңип алды. Оюн Мюнхен шаарындагы "Альянс Арена" стадионунда өтүп, "Бавария" 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Эсеп саны 20-мүнөттө ачылып, "Челсинин" коргоочусу Тревор Чалоба топту өз дарбазасына киргизип алды. Жети мүнөттөн кийин англиялык чабуулчу Гарри Кейн пенальтиде гол киргизди. Оюндун 29-мүнөтүндө Коул Палмер айып аянтчасынан сокку жасап, "Баварияга" гол киргизди. Оюндун 63-мүнөтүндө Кейн дагы бир ирет гол киргизүүгө жетишти.

Чемпиондор Лигасынын кийинки турунда, тагыраагы, 30-сентябрда "Бавария" Кипрдин "Пафос" клубу менен оюн талаасына чыгат. Ошол эле күнү лондондук "Челси" клубу өз үйүндө Лиссабондун "Бенфика" командасын кабыл алат.

2026-жылкы Чемпиондор Лигасынын финалы 30-майда Будапешт шаарындагы "Ференц Пушкаш" стадионунда өтөт. Азыркы учурда бул Лиганын чемпиону болуп Франциянын ПСЖ клубу эсептелет. Ал финалда Италиянын "Интер" командасын 5:0 эсебинде жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан