Белгилүү ырчы Иса Өмүркулов Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин 8-кабатынан секирүүгө аракет кылган кызды куткарып калды. Бул тууралуу ырчы мырза өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.
Окуя кечээ, 17-сентябрда саат 17:00 чамасында болгон. Видеодон кыздын өз жанын кыюуга аракет кылганын көрүүгө болот. Имараттын айланасында тургундар чогулуп, кызды токтотууга аракет кылышкан. Андан соң Өмүркулов 8-кабатка чыгып, кызды куткарып калган.
"Кудайга шүгүр, баары жакшы. Мен жетиштим",- деп жазган ырчы мырза.
Учурда бул окуя интернетте кызуу талкууланууда.