Биз социалдык тармакта

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келди (фото)

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Олжас Бектеновду "Манас" эл аралык аэропортунан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусу бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаарында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан