УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын атын Манас кылып өзгөртүү тууралуу пикирин билдирди. Анын берген маегин УКМКнын маалымат кызматы жарыялады.
Атайын кызматтын башчысы эми Манас шаары борбор болот экен деген кептерге да токтолуп, азырынча андай демилге көтөрүлбөгөнүн белгиледи.
"Азыр жетекчиликтин же саясатчылардын Манас шаарын борбор кылуу тууралуу ойлору жок. Бирок Манас шаары Кыргызстандын борбору деп аталып калса, бул сонун болмок. Азырынча андай маселе эч жерде көтөрүлгөн жок. Эгерде андай маселе көтөрүлө турган болсо, анда аны эл чечиши керек. Аны саясатчылар, жетекчилер же качы бир топ чечпеши керек", - деди Ташиев.
Ал ошондой эле шаардын атын өзгөртүү өзүнүн идеясы болгонун билдирди.