Бишкектин жол инфраструктурасын жакшыртууга байланыштуу 19-сентябрдан 22-сентябрга чейин Лев Толстой менен Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, бул аралыкта капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.
"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Мэрия каттамдарды алдын ала пландаштырып, убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.