Биз социалдык тармакта

ЭОК Израилди Олимпиададан четтетпөөнүн себептерин түшүндүрдү

Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) insidethegames.biz басылмасына берген түшүндүрмөсүндө Израил менен Палестинанын Улуттук олимпиада комитеттери тең укукта экенин, экөө тең Олимпиадалык талаптарды сактап жатканын билдирди. Уюм учурда спортчуларга чыр-чатактын таасирин азайтуу аракетин улантууда.

Айрым европалык лидерлер, өзгөчө Испаниянын премьер-министри Педро Санчес, Израил спортчуларын Орусия сыяктуу эл аралык мелдештерден четтетүүнү талап кылышууда. Палестинанын Улуттук олимпиада комитети да Израилди ЭОКтон жана Олимпиада оюндарынан чыгарууга чакырды.

2026-жылдын февралында Миланда өтө турган Кышкы Олимпиадага азырынча израилдик спортчуларга чектөө киргизиле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан