Биз социалдык тармакта

Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө барды

Бүгүн, 18-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө барып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн корпусун кыдырып, дарыгерлер менен жолугушту.
Мэрия белгилегендей, мурун жеке жактар иштетип келген төрөт үйүнө таандык эки корпус мэрдин тапшырмасы менен кайтарылып алынган. Алардын бири буга чейин оңдолуп, пайдаланууга берилсе, экинчиси толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бүгүн ишке киргизилди.
Шаардык төрөт үйүндө кош бойлуу келиндер үчүн орундуктар жетишсиз болуп келсе, эми бул маселе да чечилди. Төрөткананын айнектери алмаштырылып, актап-сырдалып, шарттар жакшыртылды. Мэр төрөт үйүнүн жамаатына энелерге жана ымыркайларга мээрим менен мамиле жасоону, өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан