Франциянын борбору Парижден Корсика аралына учуп келе жаткан учак диспетчер уктап калгандыгынан улам аэропорттун үстүндө бир нече жолу айланып учууга аргасыз болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы бүгүн, 18-сентябрда кабарлады.
"Туристтерге толгон учак диспетчер уктап калганы үчүн аэропорттун үстүндө айланып жүрүүгө мажбур болду", - деп айтылат кабарда.
Басылманын маалыматына ылайык, учак 18 мүнөт бою Жер Ортолук деңизинин үстүндө айланып учкан. Учкуч башка аэропортко конуу планын түзө баштаган учурда полиция кызматкерлери диспетчер отурган мунарага чыгып, аны ойготушкан.
Маалыматта айтылгандай, диспетчер ойгонгондон кийин учак ийгиликтүү конду.