Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда укук коргоочу Рита Карасартовага карата козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот отуруму болду.
Анда мамлекеттик айыптоочу Карасартованы күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратууну соттон талап кылды.
Белгилей кетсек, 14-апрелде укук коргоочунун үйүндө тинтүү болуп, Карасартованы Чүй ОИИББинин кызматкерлери кармап кетишкендиги айтылган.
Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык башаламандык) жана 327-берене (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айып тагылууда.