
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан №40 орто мектеби үчүн кошумча класстарга арналган 1 кабаттуу имарат бөлүнүп берилүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Бүгүн, 18-сентябрда Айбек Жунушалиев жерине барды. Анда ал класстарды пландоо иштерин ыкчам тартипте жүргүзүүнү жана мамлекеттик ипотекалык үйлөрдө жана жакынкы үйлөрдө жашаган балдардын билим алуусун камсыз кылуу маселесин кароону тапшырды.