Жалал-Абад шаарындагы “Токтогул” эс алуу багында тойдо жүргөн топ балдардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Окуя 10-cентябрда болгонун Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-сентябрда билдирди.
Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 17 жаран тергөө кызматына жеткирилип, жыйынтыгында бири-бирине арыз-доосу жок экендигин билдиришти. Анын негизинде алар арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.