Орусиянын Воронеж облусунда өспүрүм бычак жана балка менен куралданып, андан соң жергиликтүү мектепте кылмыш жасоого аракет кылган. Бул тууралуу Орусиянын облустук тергөө комитети билдирди.
Өспүрүм мектеп кызматкерлери тарабынан кармалып, кийин укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Тергөөчүлөр кылмыш ишин козгошту.
"Шектүү менен керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Тергөө комитетинин тергөөчүсү аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн психиатриялык ооруканага жаткыруу же жаткырбоо маселесин карап жатат", — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, адистер окуянын бардык жагдайларын аныктоо, далилдерди чогултуу жана камсыз кылуу максатында бир катар иш-чараларды жүргүзүп жатышат.