Калаа бийлиги Бишкек Жылуулук электр борбору штаттык режимде иштеп, оңдоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүп жатканын кабарлады.
Анда айтылгандай, ЖЭБге күз-кыш мезгилине карата 1 400 000 тонна көмүр, 89 395 миллион куб метр газ, 4000 тонна мазут жеткирүү пландалууда.
Ал эми 15-сентябрга карата ЖЭБдин кампасында калган көмүрдүн көлөмү 276,989 миң тоннаны түзөт.
Бардыгы болуп ЖЭБде 15 отказан, кайчылаш байланышуу менен 7 турбиналык агрегат жана №3,4 2 энергоблок бар. Учурда 3 отказан агрегаты, кайчылаш байланышуу менен 2 турбиналык агрегат иштеп жатат. Ошондой эле 7 отказан агрегаты, 3 турбиналык агрегат, №3,4 блок оңдолуп жатат. Мындан тышкары резервде 5 отказан агрегаты, 2 турбиналык агрегат турат.