Аламүдүн районуна караган Ленинское–Кайырма–Молдовановка унаа жолунун 2 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдирди.
Аталган жумуштар 2025-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, министрликке караштуу №39 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
Айыл аралык каттамдарды жакшыртууга, унаа кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жол курулуш иштери бардык нормаларга ылайык аткарылды.